Айдоочу күбөлүгү кээ бир жарандарга өзгөчө формада берилмей болду

Жазылуу
Кабыл алынган мыйзамга ылайык, жарандарга экстернат (өзгөчө, адаттан тыш учурларда) формасында аттестациялоону уруксат бербеген учурларды аныктоого укук берилет.

БИШКЕК, 19-янв — Sputnik. Айдоочу күбөлүктөрүн алууда жарандарды аттестациядан өткөрүүдөгү кээ бир маселелерде паракорлук факторлорду жоюу максатында "Билим берүү жөнүндө" КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамга өлкө президенти Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

ЖЖЭ бузгандагы үчүн айып төлөмдөрдүн көлөмү
Мыйзамдын максаты – айдоочу күбөлүктөрүн алууда жарандарды аттестациядан өткөрүүдөгү кээ бир маселелерде паракорлук факторлорду жоюу.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, жарандарга экстернат (өзгөчө, адаттан тыш учурларда) формасында аттестациялоону уруксат бербеген учурларды аныктоого укук берилет. Мыйзамдын азыркы редакциясында, жарандар экстернат түрүндө аттестациядан өтүүгө укуктуу.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тарта 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 17-декабрында кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0