Оторбаев: отставкага кетүү тууралуу арыз бергеним жок

Жазылуу
Премьер-министрдин айтымында, өкмөт отставкага кетти деген билдирүүнүн эч кандай негизи жок.

БИШКЕК, 20-янв — Sputnik. "Отставкага кетүү тууралуу арыз жазганым жок", — деген билдирүүсүн премьер-министр Жоомарт Оторбаев маалымат жыйында билдирди.

"Мени министрлер кабинетинин башчылыгына дайындагандан бери эле отставкага кетет экен деген кептер чыгып келет. Бул нормалдуу көрүнүш. Дүйнөдө мактоого арзыган өкмөт жок болсо керек. Эгер биз жаман иштеп аткан болсок, бул тууралуу коом айтат", — деди ал.

Оторбаев ошондой эле, министрлер кабинети отставкага кетиптир деген маалыматтын эч кандай негизи жок экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0