Оторбаев өкмөттүн бир жылга болгон планы тууралуу айтты

Жазылуу
Оторбаевдин айтымында, бардык министрликтер өзүнө милдеттерди жана пландарды алып, анын негизинде иштейт.

БИШКЕК, 20-янв — Sputnik. "Кыргыз өкмөтү өткөн жылы эле аныкталган план боюнча иштейт", — деди премьер-министр Жоомарт Оторбаев маалымат жыйында.

Анын айтымында, жакын арада министрлер жасай турган иштери жөнүндө пландарды берет.

"Ар бир министр планын түзөт. Жалпысынан 776 милдет камтылат. Жакын арада өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү да бир жылда жасай турган иштери менен тааныштырат. Министрликтердин ар бир кызматкери белгиленген багыт боюнча иштешет", — деди ал.

Премьер-министр ошондой эле, февралда өкмөттүн облустардагы өкүлдөрү жасай турган иштери менен тааныштыруу үчүн келе турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0