Өзбекстан: чек араны кыргыз чек арачылары бузган

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүАрхив: зым артындагы мышык
Архив: зым артындагы мышык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзбекстандын чек ара кызматы Кыргызстандын чек арачылары “Өзбекстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өтүп, өзбек жарандарына ок атып, алардын бирин жарадар кылган” деп билдирди.

БИШКЕК, 20-янв—Sputnik. Кыргызстандын чек арачылары чек арадан мыйзамсыз өтүп кетишкен деп билдирет РИА Новости и Өзбекстандын чек ара кызматына таянуу менен.

Дүйшөмбү күнү Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы чек арачылардын талабына баш ийбей КРдин аймагына өтүп кирип, "биринчи ок чыгарган" Өзбекстандын үч жараны (божомолдоолор боюнча аңчылар) тууралуу билдирүүнү тараткан. Атышуу учурунда Өзбекстандын жарандарынын бири жарадар болуп, ага медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Архив: граница - Sputnik Кыргызстан
Чек араны бузуп мергенчилик кылган өзбек жарандары курал колдонууга мажбур кылды
Эки өлкөнүн ортосунда мурдатан жетишилген макулдашууларга ылайык, жарадар болгон чек ара бузуучу жана Өзбекстандын жарандарына тиешелүү үч аңчылык курал окуя болгон жерге келген өзбек чек арачыларына тапшырылган.

Өзбекстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын үч кызматкери Өзбекстандын Наманган областына караштуу Варзик-Чуст районунда болуп жаткан айылдык жыйынга кирип барып, үч жаранга ок чыгарып, алардын аңчылык мылтыктарын тартып алган соң КРдин аймагына кайра кетишкен. 

Кыргызстандын Чек ара кызматынын ЖМК менен иш алып баруу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Гүлмира Бөрүбаева Sputnik сайтынын кабарчысы менен болгон сөзүндө бул билдирүүнү четке какты. 

"Өзбекстандын аңчылык кылып жүргөн жарандары Кыргыз Республикасынын чек арасын бузуп өтүп, Кыргызстандын аймагына 600 метрге кирип келишкен. Өзбекстандын Чек ара кызматынын өкүлдөрүнө атылган октун гильзалары тапшырылган. Андан сырткары, аңчылардын биздин аймакка кирип келгенин далилдеген издери көрсөтүлгөн", — деди Бөрүбаева.

Ошондой эле ал кыргыз тарап окуя боюнча тергөө жүргүзүп жатканын кошумчалады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0