Эксперт Табалдиев: Ааламдашуу процесси улут аралык мамилеге терс таасир берет

© Sputnik / Валерий Левитин / Медиабанкка өтүүАрхив: Нью-Йорк
Архив: Нью-Йорк - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эксперт Кубан Табалдиев улут аралык мамилелер жана чыр-чатактар ааламдашуу процессинин тийгизген таасиринен улам пайда болот деген пикирде.

— Жакында ICM Research компаниясы сурамжылоо жүргүзүп, АКШнын жашоочуларынын 67%ы расалар жана улуттар аралык келишпестиктер америкалык коомдун эң курч көйгөйлөрүнүн бири деп эсептээрин маалымдаптыр. Кубан Абдыменович, АКШда бир нече убакыт жашап, иштеп калган адис жана эл аралык журналистиканын өкүлү катары бул туурасында пикириңизди билсек? 

Америкалыктар башкы көйгөйлөрдүн бири — улуттар аралык келишпестик маселелери деп эсептейт
— Биринчиден, ааламдашуу процесси күчөп бара жаткан учурда жаратылыштын мыйзамы боюнча ар бир аракетке каршылык көрөсөтө турган күч пайда болот. Ааламдашуу процессининин эң эле терс жагы улут аралык, дин аралык алакаларга чоң таасиринин тийгизгени улам күчөп бара жатат. Ошолордун бири кайсы гана мамлекет, көп улуттук Америка болобу, же Россия болобу, бардык мамлекеттерде ал тургай бир кылкалуу улуттуу Кыргызстан сыяктуу башка дагы Борбор Азиялык өлкөлөрдө байкалат. Америкада сен мындайсың деп тике келип эч ким айтпайт, башка улут экенсиң деп башка бирөө келип тийишип, туура эмес кадамдарды эч качан жасабайт. Бул маданияттуулукту, коомдун аң-сезиминин бир топко өнүккөндүгүн көрсөтөт. Бирок, ошол эле мезгилде ички агымдар бар. Мисалы, Англияда бир гана улуттар арасындагы алака эмес, бир улуттун ичиндеги иерархиялык мамилелер да тереңдеп орун алгандагысы да бар. Элиталык жактан өйдө турган англичандар жана начар региондон же жакыр эл катмарынан чыккандарды өз катарына кошконго аракет кылат. Бирок, анысын билдирбейт. 

Америка – дүйнөдөгү элдин баары чогулган өлкө, алар негизинен Европадан анан Англиядан келгендер. Ошолордун улуттук салты дагы эле сакталып калгандагысын байкайбыз. Алар анысын сылык түрдө көрсөткөнгө аракет кылат. Ошентсе да байкап көрсөңөр, азыркы кара түстүүлөр менен алакада бир деңгээлге чейин чыга турган абал түзүлө элек. Баары бир экинчи сорттогу адамдарга мамиле кылгандай таасир калат. Бирок, мамлекеттик саясат жол бербей, туура багытка киргизүүгө аракет кылат, негизинен бул маселе тымызын түрдө бар экендигинен эч ким баш тартайт.

— Кубан Абдыменович, бул жаатта Кыргызстанда абал кандай? 

— Кыргызстанга келсек, сырттан караганда бизде тынчтык бар экендигин, толеранттуулук күчөп жаткандыгын, орус эмес, европалык эмес, өзүбүзгө жакын болгон казак, өзбектер менен да алакабыз кичине болсо да бутуна туруп келе жаткандагысын байкап жатабыз. Абал мурдагыдай эмес, жакшырды, бирок, ошентсе да чыңалуу бар. Көп улуттуу жерде чыңалуу тез аранын ичинде жанданып, жаңжалга айланып кете турган кооптуулук көп. Улуттардын арасындагы алака анын санына жараша болот. Кыргызстандагы өзбек улутундагы элдин саны боюнча азыр экинчи орунда, 20%дан ашуун. Демек, өздөрүнө таяна турган күчтөргө ээ болгондуктан, алардын таасирин биз сезбегендей мамиле кылганга укугубуз жок. Алар менен алака түзгөндө, биздин коомчулукта ээлеген ордуна жараша мамиле кылышыбыз керек. Бирок, ошентсе да менимче, бул жаатта бизде, Америкага караганда салыштырмалуу түрдө начар.

Жаңылыктар түрмөгү
0