Африкалык команда "Шериктештик" кубогун алып кетти

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАрхив: футбол.
Архив: футбол. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк африкалык футболчулар финалдык беттешүүдө Шериктештик Кубогунун жеңүүчүсү болду.

БИШКЕК, 26-янв — Sputnik. Шериктештик Кубогун Түштүк африкалык футболчулар алып кетти деп маалымдалды турнирдин расмий сайтында. 

Шериктештиктин футбол боюнча Кубогунун жарым финалчылары аныкталды
Финалдык беттешүүдө Африкадан келген команда Финляндияны 2:1 эсебинде утту, оюн 25-январда Санкт-Петербург шаарында өткөн.

Түркмөндөрдү уткан Беларустар 3-орунду камсыз кылды. Бешинчи орунга – Россия, алтынчы орунга — Кыргызстан, жетинчи орунга — Казакстан, сегизинчи орунга – Тажикстан чыкты. 

Мыкты чабуулчу деп беларусиялык Владислав Василючек, мыкты коргоочу Данни Хатака, мыкты жарым коргоочу Мостаха Якуби (Финляндия), мыкты чабуулчу деп Мочека Мадиша (ТАР) болду.

Шериктештин мыкты оюнчусу деп Мочека Мадиша, ал эми чабуулчу деп россиялык Алексей Евсеев аныкталды.

Шериктештик кубогу 16-январда башталып, он күнгө созулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0