Баш прокуратура: Садыр Жапаровдун китебинде айтылгандар тастыкталган жок

© Фото / пресс-служба ЖК КРДепутат Жогорку Кенеша Садыр Жапаров
Депутат Жогорку Кенеша Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура Садыр Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл" китебинде жазылган маалыматтар тастыкталбагандыктан, кылмыш ишин козгобой турган болду.

БИШКЕК, 29-янв — Sputnik. Садыр Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл" китебиндеги мамлекетке жана адамдарга каршы кылынган кылмыштар туурасындагы маалыматтар тастыкталган жок. Бул туурасында Баш прокуратуранын маалымат кызматы билдирди. 

Башкы прокуратура 2015-жылдын 26-январында "Саясатка аралашкан 10 жыл" китебинде жазылган маалыматтар, мамлекетке жана адамдарга каршы кылмыш кылынды деген айыптоолор боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча чечим кабыл алды.

2015-жылдын башында интернет порталдардын бирине Садыр Жапаровдун "Саясатка аралашкан 10 жыл" аттуу китебинин электрондук түрү жарыяланып, кийин ал басылып чыккан. 

"Китепте автордун айтымында, Жалал-Абаддын экс-губернатору Бектур Асановдун 2010-жылдын май айында андагы Убактылуу өкмөттүн төрагасынын биринчи орун басары, азыркы президент Алмазбек Атамбаев менен ал кездеги Убактылуу Өкмөттүн орун басары Азимбек Бекназаровдун өмүрүнө коркунуч келтирген телефондук сүйлөшүүсү келтирилген. Ал эми китептин башка беренесинде 2011-жылдын 30-октябрында жер титирөөдөн жабыр тарткан Түркияга жөнөтүлө турган ун түрүндөгү гуманитардык жардам менен кошо 3 тонна алтын ташылып чыгып кеткендиги жазылган. Андан сырткары автор өзүнүн катыштыгы болгон, кээ бирлерине катыштыгы болбогон да окуялар туурасында да баяндаган. Бул боюнча Башкы прокуратура тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, бир канча адамдар суралып, тиешелүү жерлерге жиберилген суроо-каттарга жооп алынып, окуялардын жагдайы иликтенди. Анткен менен, жогорудагы айтылган маалыматтар текшерүү учурунда чындыкка дал келген жок", — деп билдирди аталган органдын маалымат кызматы. 

Маалымат кызматы китепте жазылган Ош окуясына байланыштуу окуялар, тагыраагы бийлик башында турган адамдар менен этникалык коомчулуктун мурдагы лидери Кадыржан Батыровдун сүйлөшүүлөрү туурасында маалыматтар чындыкка дал келбейт деп билдирди. "Бул маалыматтар бир нече комиссиялар тарабынан иликтенип чыгып, автор депутат болуп турган кезинде аталган иштер боюнча айтылгандар чындык эмес деген жыйынтыгы белгилүү болсо да, китебине билип туруп жазган. Жыйынтыгында, Жапаровдун китебинде мамлекетке жана бир катар адамдарга карата жасалган кылмыш иштери туурасында жазылган маалыматтар тастыкталган жок", — дешти маалымат кызматынан. 

Депутат Садыр Жапаров ответил на вопросы депутатов - Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаровдун 3 тонна алтын чет өлкөгө алынып кетти деген маалыматы тактала элек
Буга байланыштуу Башкы прокуратура 2015-жылдын 26-январында "Саясатка аралашкан 10 жыл" китебинде жазылган маалыматтар жана мамлекетке жана адамдарга каршы кылмыш кылынды деген айыптоолор боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча чечим кабыл алды.

Китептеги жазылган маалыматтар буга чейин Жогорку Кеңештин жыйынында да каралып, депутаттар алдына келип маалымат берген Башкы прокурордун орун басары Темирбек Бекмаматов Садыр Жапаровдун китебинде жазылган "3 тонна алтын чет жакка ташылып кетти" деген маалыматы чындыкка коошпой турганын билдирген эле. 

Башкы прокуратура 8-январда Жапаровдун “Саясатка аралашкан 10 жыл” китебинде баяндалган маалыматтарга Жазык-процесстик кодексинин 151-156- беренелерине ылайык, тиешелүү юридикалык баа берилип, терең текшерилээрин билдирген. 

"Ал маалыматтар ырасталган же ырасталбай калган жагдайларда, жогоруда аталган арыздарда жана маалыматтарда айыпталган адамдарга карата же болбосо кылмыш жасагандыгы тууралуу атайылап жалган маалыматты тараткан адамдарга карата кылмыш ишин козгоо тууралуу чечим кабыл алынат" — деп айтылган аталган көзөмөл органдын январдын башында тараткан билдирүүсүндө.

Жаңылыктар түрмөгү
0