Мамлекеттик салык кызматы өткөн жылы 42,17 млрд. сом чогулткан

Жазылуу
Салык негизинен соода жайларынан, түстүү металлургиядан, байланыш системасынан, курулуштан, спирт ичимдиктеринен жана электр энергетикадан эң көп түшкөн.

БИШКЕК, 31-янв — Sputnik. 2014-жылы Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы (МСК) тарабынан 42 миллиард 169,9 миллион сом салык чогултулганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Работа ГНС в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
КРде салык төлөчүлөр декларация тапшыра баштады
Планды аткаруу 102 пайызды түзүп, 781,1 миллион сом ашыкча чогултулган. 2013-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктын түшүшү 4 миллиард 585,2 миллион сомго көбөйгөн.

Былтыр эң көп салык соода ишканалары тарабынан түшкөн. Бул тармактан чогултулган салык жалпы салыктын 16 пайызын түзөт. Андан кийин түстүү металлургия – 14%, байланыш системасы – 10%, түрдүү ишмердик жүргүзүү – 8%, курулуш – 5%, спирт ичимдиктери – 4% жана электр энергетикасынан түшкөн салык жалпы салыктын 3%ын түзгөн.

Былтыр Кыргызстандын салык органдары тарабынан ишкердүүлүк субъекттеринде 10 миң текшерүү жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0