Бүгүн Бишкек шаарында маал-маалы менен кар жаайт

Жазылуу
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт.

БИШКЕК, 2-янв — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарында маал-маалы менен кар жаап, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы күндүз 0…+2 градус болсо, түнкүсүн —5…-7° суук.

Ал эми Ош шаарында күндүз кар жаабайт, түнкүсүн кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6° суук, күндүз 0…2° жылуу болот. 

Өлкө аймагынын көпчүлүк аймактарында бүгүн кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0