Мигранттар патент алуудагы жаңы эрежелер боюнча кабатырланууда

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүАрхив: Мигрант
Архив: Мигрант - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиядагы мигранттар эмгек патенттерине болгон жаңы эрежелерге кабатырланууда.

БИШКЕК, 3-фев — Sputnik. "Россиядагы мигранттар эмгек патенттерине болгон жаңы эрежелерге кабатырланууда", — деп Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева биздин кабарчыга билдирди.

Мигранттар Россияда иштөөгө алгачкы бирдиктүү патент ала баштады
2015-жылдын 1-январынан тарта Россияда иштей турган чет элдик жарандар патент менен иштейт деген мыйзам күчүнө кирген. Мындай документ жеке жана юридикалык жактардын иштөөсүнө уруксат берет. Патент алуу тууралуу арызды мигранттар Россиянын аймагына киргенден кийин 30 күн ичинде бериши керек. Мекеме-ишканалар чет элдик жарандарды патенттин негизинде гана жумушка алат. Ошол эле учурда жумушчу орундарына болгон квоталар жоюлат. Андан сырткары эмгек мигранттары эми милдеттүү түрдө орус тилин билүүсү керек.

Февраль айынын башында Москва шаарында Кыргызстандык жарандарынын жыйыны болуп, "Мигрант жана мыйзам" деген темада талкуу болгон. Ага Россияда иштеп жүргөн 500дөй эмгек мигранты катышкан.

Кулукеева белгилегендей, чогулуштун максаты – мигранттар үчүн киргизилип жаткан жаңы эрежелерди түшүндүрүү жана алардын эң көйгөйлүү делген маселелерин угуу болгон.

"Маяна жогорулабагандыктан, мигранттарды патент алуу процесси жана ага кеткен чыгымдар тынчсыздандырат. Көпчүлүгүн Кыргызстан ЕАЭБге май айында киргенден кийинки абал кызыктырды. Кээси патент алуу үчүн документтерин бербестен май айын чыдамсыздык менен күтсө, экинчилери ишке орношуу боюнча киргизилип аткан жаңы эрежелерди билишпейт. Кээсинин патент алууга мүмкүнчүлүгү жок", — деди элчиликтин экинчи катчы.

Кулукеева ошондой эле, Россиядагы мекендештердин айткан маселелери жана сунуштары Кыргызстандын өкмөтүнө жолдоно турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0