Чек арада кармалып турган күйүүчү май үчүн Казакстан 13 млн. доллар талап кылууда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДобыча нефти в городах Ханты-Мансийского автономного округа
Добыча нефти в городах Ханты-Мансийского автономного округа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күйүүчү май жүктөлгөн 161 вагонду өткөрүү үчүн Россиянын Федаралдык бажы кызматынан тийиштүү документтерге түзөтүү киргизүү керек болчу. Бирок, казак тарап киргизилген түзөтүүгө карабастан жүктү өткөзбөй койгон.

БИШКЕК, 5-фев — Sputnik. Казакстан чек арада кармалып турган күйүүчү май жүктөлгөн 425 вагон үчүн кайтадан 13 миллион доллар талап кылууда. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Улан Кулов билдирди.

Казак тарап буга чейин дагы токтоп турган вагондор үчүн акча талап кылган болчу.

Кулов белгилегендей, бул сумма апрель айынан бери чек арада токтоп турган вагондор үчүн чогулган.

"Аталган сумманы төлөгөндөн кийин гана казак тарап күйүүчү май жүктөлгөн вагондорду Кыргызстанга өткөрүүгө даяр", — деди Кулов.

Аталган маселе Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан да көтөрүлүүдө. "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Абдимуктар Маматов күйүүчү май жүктөлгөн вагондордун Кыргызстанга киргизилбей чек арада кармалып турушу жазгы талаа иштерине терс таасир тийгизиши мүмкүндүгүн билдирди.

"Эки мамлекеттин президенттери аталган маселени мурда эле чечишкен, бирок, өкмөт бул ишти аягына чыгара албай жатат. Дыйкандарга күйүүчү май керек", — деди эл өкүлү.

Кулов белгилегендей, учурда 168 вагонду өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө, бирок, алардын Кыргызстанга качан өтөөрү белгисиз.

Казакстандын Бажы кызматы 2014-жылдын апрелинен бери Кыргызстанга келе жаткан май жүктөлгөн вагондорду чек арада кармап турат. Казак тарап аталган жүктү документтери туура эмес толтурулган деген жүйөө менен өткөрбөй койгон. Токтоп турган 91 вагон боюнча кылмыш иши козголгон. 161 вагонду Кыргызстанга жиберүү боюнча Россиянын Федералдык бажы кызматынан тийиштүү документтерге түзөтүү киргизүү керек болчу. Бирок, казак тарап киргизилген түзөтүүгө карабастан жүктү өткөзбөй койгон.

Теги: Улан Кулов, Абдимуктар Маматов, күйүүчү май, Казакстан


Жаңылыктар түрмөгү
0