Президент Атамбаев Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековСлужба в Национальной гвардии Кыргызстана
Служба в Национальной гвардии Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчысы Мекенди коргоочулардын күнү менен куттуктап, кыргызстандыктар эң оболу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдигине терең таазим этишээрин айтты.

Бишкек, 23-фев. — Sputnik. Мекен коргоочуларын 23-февраль майрамы менен куттуктаган мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев, эң оболу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдигине терең таазим этерибизди айтты.

"Мекенди коргоочулардын  күнү — эрдиктин, каармандыктын жана ар намыстын майрамы менен куттуктайм! Бул күнү биз эң жооптуу мезгилде каармандык менен Мекенди коргогондорго сый-урмат көрсөтөбүз. Эң оболу Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин эрдигине терең таазим этебиз. Ардагерлерибизден Мекенди сүйүүнү үйрөнөбүз, кайраттуулукка жана  тайманбастыкка үйрөнөбүз. Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгынын алдында бул өзгөчө мааниге ээ",  — деп айтылат президенттин куттуктоосунда. 

Атамбаев куттуктоосунда мамлекетти коргоо азыр да зор мааниге ээ кендигин айтты.  

"Мезгил учкул — муундар алмашып, баалуулуктар өзгөрүүдө, улам жаңы  максаттар жана милдеттер алдыга коюлууда. Бирок бир гана нерсе — Мекенди коргоо, туулган жериңди, элиңди коргоо зарылчылыгы эч өзгөрүүсүз калат. Мамлекеттүүлүктү, эркиндикти жана биримдикти коргоо  азыр да зор мааниге ээ. Бардыгыбыздын максатыбыз бир — эркин жана гүлдөп өнүккөн  Кыргызстанды куруу",  — деп белгилеген президент.

Жаңылыктар түрмөгү
0