Окумуштуулар колорадо коңузунан коргоо үчүн картошкага "биокуралды" орнотушту

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүКолорадский жук на кустах картофеля. Архивное фото
Колорадский жук на кустах картофеля. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европалык биологдор трансгендик картошканын жаңы түрүн жаратышты. Ал колорадо коңузун беш күндөн кийин өлтүрүп, ошол эле учурда башка курт-кумурскаларга тийбей турган өзгөчө "биокуралдын" жардамы менен өзүн коргой алат.

БИШКЕК, 26-фев – Sputnik. Биотехнологдор трансгендик картошканын бөтөнчө түрүн жаратышты. Анын жалбырактары колорадо коңузунун маанилүү гендеринин иштешин токтотуп беш күндөн кийин өлтүрө турган РНК кыска молекулаларын бөлүп чыгып, өзүнө топтойт деп билдирет РИА Новости Science журналына таянуу менен.

Бүгүнкү күндө жалбырактары, мөмө-бутактары көпчүлүк курт-кумурскалар үчүн коркунучтуу болгон бактериалык Bt уулуу затты бөлүп чыгаруу менен өзүн коргоочу трансгендик өсүмдүктөрдүн бир нече миң түрү бар. Курт-кумурскалардын айрымдарына, анын ичинде колорадо коңузуна аталган зат таасир кылбайт. Зыянкечтердин иммундук системалары Bt затына акырындык менен ылайыкташып алып, аны жок кыла баштайт деп кооптонот окумуштуулар. 

Айыл чарба. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Фермерлер ЕАЭБ үчүн мөмө-жемиштерди арбын өстүрүшү керек
Потсдамдын (Германия) өсүмдүктөрдүн молекулярдык физиология институтунан Ральф Бок (Ralph Bock) жана анын кесиптештери заянкечтерге каршы күрөшүү маселесин башка жагына карап, өсүмдүктү уулуу заттарды бөлүп чыгарууга "үйрөтүштү". Ал эми колорадо коңузунун РНК өзгөчө фрагменттери анын клеткаларын айрым гендердин ишин токтотууга мажбур кылат.

Окумуштуулар белгилегендей, өсүмдүктүн гени менен "кыска интерференциялоочу РНК" (siRNA) мурда да чыгарылган, бирок алар ийгиликке жеткен эмес — кайсы бир себептер менен РНК молекулалары коңуздун организмине эч түшпөй же аз гана санда түшчү.

Макаланын авторлору картошканы кыска РНК эмес, анын даярдалмаларын — спираль түрүндөгү узун "кош" РНК бөлүп чыгарууга мажбур кылуу менен бул маселени чечкен. Аталгандан РНК клетканын ичинде бөлүнүп чыгып, андан соң атайын фермент-дайсер (англ. dice – майдалап кесүү) аркылуу майдаланып кетет.

Илимпоздор аталган даярдалмаларды чогултууга жооп берүүчү ДНКны гендик хлоропласттарга — жарыктын кубатын кантка айлантуучу өзгөчө клеткалык түзүлүштөргө жайгаштырышты. Хлоропласттар өсүмдүктүн бардык баш бөлүктөрүнөн обочолонуп турат жана аларда фермент-дайсерлер жок, себеби мурда алар примитивдүү көк-жашыл микроб болчу, аларды акырындык менен флоранын бабалары "колго үйрөтүп" алышкан.

Ушунун аркасында картошкага жайгаштырылган "биокуралдын" натыйжалуулугу бир нече эсе өскөн. Ушундай картошканын жалбырактары менен айнек идиште жашаган колорадо коңуздары баары тең эксперимент башталгандан беш күндөн кийин өлүшкөн. Бул гендерди тороонун натыйжалуулугу жогору экендигин далилдейт.

Түшүмдү мындай жол менен коргоонун бактериялык уу бөлүп чыгаруучу кадимки пестициддер менен ГМОго караганда артыкчылыктары көп дейт окумуштуу.

Кыска РНК тандоо жолу менен иштеп, өзүлөрү ылайыкташкан гендерге гана таасир кылат. Бул айлана-чөйрөгө келтирилүүчү зыянды жана адамдын ден соолугуна коркунучту бир топ азайтат. Мындан тышкары, колорадо коңузу жана башка курт-кумурскалардын иммундук системасы мындай РНКны коркунучтуу патоген эмес, организмдин кадимки бир бөлүгү деп кабыл алган үчүн аларга кыйын болот. 

Жакынкы арада окумуштуулар ушунда "биокуралдын" системасын курт-кумурскалардан коргоого муктаж башка өсүмдүктөрдүн да хлоропласттарына жайгаштырууна ойлонууда. Мындай тажрыйбалар ийгилктүү болоруна азырынча окумуштуулар толук ишене элек. Себеби алардын хлоропласттары менен картошканын клеткаларынын иштешинде айырма бар-жогу азырынча түшүнүксүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0