Беларуссиянын ТИМи Атамбаевдин сөздөрүнө жооп берди

© Sputnik / Виктор ТолочкоМинск
Минск - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Минскте Белоруссиянын укук коргоо органдарынын ишине кийлигишпөөнү Бишкекке кеңеш кылышат.

БИШКЕК, 27-фев — Sputnik. Беларуссиянын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн дарегине Кыргызстандын жетекчилигинин кемсинтип айткан сөздөрүнө комментарий берүүнүн зарылчылыгы жок деп эсептейт деп билдирет Sputnik.by.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өткөн бейшембиде Белоруссиянын бийлигин Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин Минсктеги киши өлтүрүүгө катышты бар деп шектелүүчү бир тууганын өткөрүп берүүгө чакырган.

"Кыргызстандын Белоруссиянын кадырына шек келтирген салыштыруулары менен айткан сөздөрүн комментарийлөөнүн эч мааниси жок. Мындай кызуулукка алдырган билдирүүлөр цивилизациялуу мамлекет башчысынын деңгээлинде болушу мүмкүн эмес", — деп айтылат Беларуссиянын ТИМдин сайтында жума күнү жарыяланган билдирүүсүндө.

Белоруссиянын ТИМинде "жогорку кызмат адамынын айткандары калыс эместигин эске албаганда да, оор кылмыш жасагандык үчүн анда коюлган айыптоолор кылмыш сот иш-чараларынын жалпы таанылган эл аралык ченемдерине каршы келет" деп билдирилген.

Белорус дипломаттары азыр ар бир өлкөдө Конституция жана мыйзамдар тарабынан күнөөсүздүк презумпциясы орнотулгандыгын эскертет. "Кылмыш иши үчүн айыбы мыйзамдуу күчүнө кирген сот чечими аркылуу таанылмайынча, эч кимди күнөөлүү деп атоого болбойт. Бирок Кыргызстанда сыртынан айыптоолорго байланыштуу бир катар кылмыш сот иштери өткөнүнө караганда, акыйкат сот жүргүзүү боюнча бул өлкөнүн өзүнө гана тиешелүү, бөтөнчө көз карашы бар", — деп айтылат билдирүүдө.

ТИМ "кыргыз мамлекети өз жарандарынын укуктарын, анын ичинде калыс сот коргоосуна болгон укугун сактоону камсыз кылууга болгон жөндөмүнө" күмөн санай тургандыгын билдирди.

"Беларусь Республикасынын компетенттүү органдары өз ишин так аткарып жана Кыргызстандын жараны деп болжолдонгон адамдын өлүмүнө тиешелүү адамдарды аныктап, кармоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүдө. Алардын ишине эч бир тараптын, анын ичинде чет мамлекеттердин жогорку кызмат адамдарынын кийлигишүүсү эч мүмкүн эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0