Кыргызстанда согуш жана тынчтык темасына арналган адабий конкурс жарыяланды

© Sputnik / Израиль Озерский / Медиабанкка өтүүВстреча солдат освободителей
Встреча солдат освободителей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Согуш жана тынчтык жаштардын көзү менен" деп аталган конкурс Россиядагы адабият жылына жана Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына арналат. Эссе, аңгеме, очерк же ыр түрүндөгү эмгектер 15-апрелге чейин кабыл алынат.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Согуш жана тынчтык темасына арналган адабий конкурс Кыргызстанда жарыяланды. Бул тууралуу Росскызматташуу өкүлчүлүгүнүн сайтында маалымдалды.

Аталган конкурс Россиядагы адабият жылына жана КМШ өлкөлөрүндөгү Улуу Ата Мекендик согуштун 70 жылдыгына арналат. Конкуска 15 жаштан 30 жашка чейинки жаш авторлор катыша алат. Бул иш-чараны Кыргызстандагы Россиянын элчилиги, Росскызматташуу өкүлчүлүгү жана Кыргызстандын эл ассамблеясы менен биргеликте уюштурулууда.

"Адабият жана согуш – бул бири-бирине карама-каршы келген көрүнүштөр. Жазуучу-акындардын элдин бүйүрүн кызыткан чыгармаларын жазуусу үчүн тынчтык керек. Согушту жеңип, тынчтыкты сактоо үчүн элге адабият керек", — экенин уюштуруучулар билдиришүүдө.

Конкурска келген эмгектер эгер чакан проза болсо 8 барактан ашпоого тийиш, ал эми ыр болсо эки барактан ашпашы керек. Эмгектерди 15-апрелге чейин new@literatura.kg электрондук адресине жиберүү зарыл.

Конкурска келген эмгектерди калыстар тобу 15 жаштан 22 жашка чейин жана 23 жаштан 30 жашка чейин деп эки жаш категориясы боюнча баалашат.

Кыргызстандын жана Россиянын адабият дүйнөсүндө белгилүү болгон жазуучу, акын жана адабият таануучулар калыстар тобуна кирет.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө грамота жана баалуу белектер тапшырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0