Россияда баңгизат ташыган кылмыш тобунун кара-суулук эки мүчөсү кармалды

© Sputnik / Олег Золото / Медиабанкка өтүүБаңгизат. Архив
Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңгизат менен күрөшүү боюнча россиялык жана кыргызстандык тиешелүү органдардын кызматкерлери Новосибирскиден баңги заттарын сатуу боюнча кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармап, алардын автоунаасынан 5 кг героин табышты.

Бишкек, 9-мар. — Sputnik. КРдин Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча комитети менен Баңги заттарын көзөмөлдөө боюнча Россиянын федералдык комитетинин биргелешип өткөргөн иш-чараларынын жыйынтыгында Афганистан баңги заттарын Кыргызстан аркылуу Россияга жөнөтүп турган кылмыш тобунун каналы табылды. 

Бишкекте спайс сатуучу Skype аркылуу кайрылган адамды тизмесине эки мүнөттө кошту
Ыкчам маалыматтарга караганда, КР менен РФтин тиешелүү күч түзүмдөрүнүн жарым жыл бою биргелешип алып барган иликтөө-иштеринин натыйжасында Россия аймагына баңгизат жөнөтүүгө даярданган бир катар тараптарды, аны уюштуруучуларын жана баңгизаттар сакталган жайларды аныкталды.

Тыкыр жүргүзүлгөн атайын операциялардан улам, Новосибирск облусунда баңгизаттарын сатууга аракет кылган жана аталган каналдын баңгизаттары үчүн жооп берген Ош облусунун Кызыл-Кыштак айылында туулган эки адам кармалды. Алар кармоо учурунда Кыргызстандын мамлекеттик номери бар автонуаа менен жүрүшкөн. 

Алар айдап жүргөн “Митсубиси-делика” автоунаасын тинтүү учурунда 5 килограммадын ашык баңгизаттардын героин түрү табылып, алынган.

Аталган факты боюнча кызы-кыштактык эки кишиге Россиянын Кылмыш Жаза кодекси боюнча кылмыш иши козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0