Вице-премьер: аткаминерлер журналисттер менен иштешүүгө дайым даяр болушу керек

Жазылуу
Вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева өкмөттүн ЖМКга болгон мамилеси жөнүндө айтып, аткаминерлер журналисттердин бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр болушу керектигин билдирди.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Журналист ар дайым туура экенин вице-премьер-министр Дамира Ниязалиева өкмөт менен ЖМКнын өз ара байланышы аттуу кереге кеңеште билдирди.

Ниязалиева бул жөнүндө дайыма айтып келгенин белгиледи. Эгер бир нерсе ойдогудай болбосо, абалды толук түшүндүрүп бере албаган тараптын күнөөсү экенин кошумчалады.

Анын айтымында, саясатчылар жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) өкүлдөрүнө маалымат берүүгө даяр, ал эми журналисттер маалыматты биринчи булактардын алууга мүмкүнчүлүгү болушу керек. 

"Өкмөт ЖМКга ачык болушу үчүн эмне кылуусу керек, биз эмнени туура эмес жасап жатабыз, эмнени оңдошубуз зарыл? Менин биринчи тапшырмам – өз ара иштешүү үчүн аянтча түзүп, өкмөт менен ЖМКнын ортосундагы түшүнбөстүктөрдү четтетишибиз керек. Биз (өкмөт — ред.) ачыкпыз жана маалымат берүүгө даярбыз", — деди вице-премьер.

Ниязалиева министрлер кабинети ЖМКнын конструктивдүү сынына даяр экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0