Кыргызстан менен Швейцариянын президенттеринин жолугушуусу тет-а-тет түрүндө өттү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан менен Швейцариянын президенттеринин жолугушуусу тет-а-тет түрүндө өттү
Кыргызстан менен Швейцариянын президенттеринин жолугушуусу тет-а-тет түрүндө өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчылары эл аралык аспектидеги күндүн темалары боюнча пикир алышып, эки мамлекеттин ортосундагы саясый, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоону талкуулашты.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев расмий сапарынын алкагында Швейцариянын Берн шаарында өлкө президенти Симонетта Соммаруга менен жолукканын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу тет-а-тет форматында өткөн.

Кыргызстандын гимни Швейцариянын президентинин ак сарайында ойноду
Мамлекет башчылары эл аралык аспектидеги күндүн темалары боюнча пикир алышты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Швейцариянын ортосундагы саясый, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо талкууланды.

Мамлекет башчылары кыргыз-швейцария өнөктөштүгүн чыңдоону жана социалдык-экономикалык тармактагы биргелешкен долбоорлорду улантуу керектигин баса белгилешти. 

Президент Атамбаев 23-марттан баштап Европа мамлекеттерине расмий сапар менен келген. Анын алкагында Австрия, Швейцария, Бельгия, Франция жана Германия мамлекеттеринин башчылары менен жолугат.

Жаңылыктар түрмөгү
0