Бишкек мэриясы таза суу камдап алууну шаар тургундарына эскертет

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүТаза суу. Архив
Таза суу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көк-Жар" суу тосмосундагы оңдоо иштерине байланыштуу таза суу убактылуу токтотула турганын мэриядан билдиришти.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында 8-апрелде таза суу берүү убактылуу токтотула турганын Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

"Бишкексууканалдан" маалымдашкандай, шаршемби күнү саат 9-00дөн 22-00гө чейин "Көк-Жар" суу сактоочу жайындагы оңдоо иштерине байланыштуу таза суу убактылуу токтотулат.

Таза суу жогоруда көрсөтүлгөн убакта темир жолдун, Панфилов, Фрунзе көчөлөрү менен Аламүдүн дарыясынын чегиндеги чарчы аянтта жок болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0