Турсунбеков: эгер Оторбаев "Кумтөр" маселесин чечпесе, анда башканы издөө керек

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOЗолотоносный рудник Кумтор. Архивное фото
Золотоносный рудник Кумтор. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын лидери "Кумтөрдү" улутташтарып, же канадалык компания менен биргелешкен ишкана түзүп ага чекит коюу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Жоомарт Оторбаевдин отставкага кетүү жөнүндө айтканы балким иш жүзүнө ашып кала турганын КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оторбаев "Кумтөр" боюнча жаңы долбоор иштелип чыкпаса, отставкага кетем деди
Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин жыйынында "Кумтөр" долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы талкууланып жатканда, премьер биргелешкен ишкана түзүү, же улутташтыруу долбоору Кыргызстан үчүн азыр пайдасыз болуп калганын айтып, эгер парламент бул пикиринен кайтпаса, отставкага кете турганын билдирди. Ал Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөр азыркы бойдон калышы керек деген пикирде.

Турсунбековдун айтымында, "Кумтөр" маселесинин айланасындагы талаш-тартышка эртерээк чекит коюу убактысы келди. Себеби Centerra Gold Inc. компаниясынын акционерлери Кыргызстандын акыркы чечимин күтүп жатышат.

"Эгер ал бул маселени чечкиси келбесе, биз анда башка кишини издейбиз", — деди ал.

Турсунбеков ошондой эле  буга Оторбаев чейин алтын кен меселесин чечүү боюнча өзүнүн пландарын сунуштаганын, бирок жетиштүү далилдер болбогонун кошумчалады.

КСДП фракциясынын лидери өкмөткө 30-мартка чейин дагы убакыт берүүнү сунуштады
Фракция лидери белгилегендей, Оторбаев "Ата Мекен" фракциясынын өкүлү болгонуна карабай, кенди улутташтыруу жана "Кумтөрдү" иштетүү боюнча фракция менен көз карашы бирдей эмес экенин айтты.

2014-жылдын февралында Жогорку Кеңеш өкмөт менен канадалык Centerra Gold Inc. компаниясынын ортосунда макулдашууга кол коюуну жактырган. "Кыргызалтындын" үлүшүн реструктризациялаштырууда келишимдердин барында 2009-жылкы келишим негиз кылып алынмак. Кумтөр кенин иштетүү боюнча жаңы шарттарга ылайык, "Кыргызалтын" менен Centerra тең үлүштөгү биргелешкен ишкана түзүшү керек. Өкмөткө биргелешкен ишкана түзүү боюнча жаңы долбоорду иштеп чыгууга үч ай берилген, бирок Канада тарап менен сүйлөшүү азыркыга чейин улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0