Оторбаев Centerra Gold Inc. компаниясынын директорлор кеңешин алмаштырууну сунуштады

Жазылуу
Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев ЖК комитетинин Кумтөр маселеси боюнча жыйынында аталган долбоорду ушул турушунда калтырууну, абалдан чыгуу үчүн Centerra Gold Inc. ишканасынын директорлор кеңеши менен менеджментин алмаштырууга аракет кылууну сунуштады.

Өкмөт башчысы Centerra Gold Inc. компаниясы түздөн-түз иштебестен, офшордук рестрикцияда катталган чакан компаниялар аркылуу иш алып баруу аракети чоң шек туудуруп жаткандыгын айтты. 

Дагы бир катар принципиалдуу макулдашылбаган маселелер көптүгүн билдирип, премьер-министр катары долбоордун учурдагы статусунда калуусун сунуштады.

"Мында компаниянын ишин жакшыртуу максатында тез арада мыйзамдуу жол менен Канаданын Онтарио провинциясындагы колдонуп жаткан мыйзамдарына ылайык, Centerra Gold Inc. ишканасынын директорлор кеңеши менен менеджментин алмаштырууга аракет кылышыбыз керек. Бул жерде жоопкерчиликти депутаттарга оодарып салайын деген оюм жок", — деди премьер-министр Оторбаев.

Жаңылыктар түрмөгү
0