"Манас" аэропортунун кызматкерлери өз жетекчилигине каршы митингге чыкты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" эл аралык аэропорту. Архив
Манас эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Манас" аэропортунун кызматкерлери ишкананын жетекчисинин орун басары Адылбек Сыдыковдун кирешеси тууралуу маалымат социалдык түйүндөргө чыгып кеткенинен улам митингге чыгышты.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. "Манас" аэропортунун кызматкерлери ишкананын жетекчилигине каршы митингге чыкканын акциянын катышуучулары билдирди.

Кызматкерлердин митингге чыгышына ишкананын жетекчисинин орун басары Адылбек Сыдыковдун кирешеси тууралуу маалымат социалдык түйүндөргө чыгышы себеп болгон. Документте Сыдыков ай сайын 160 миң сомдон алары белгиленген.

Учурда жетекчилик отурган имараттын алдында 100дөй киши турат, алардын көпчүлүгү техникалык кызматтын кызматкерлери. Алар менен башкармалыктын төрагасы Албек Ибраимов жолукту.

Жаңылыктар түрмөгү
0