Аэропорттун кызматкерлерине укуктарын өз алдынча чечишип алууну сунушташты

© Фото / Диля РодионоваМитинг сотрудников международного аэропорта "Манас"
Митинг сотрудников международного аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аэропорттун жетекчилиги митингге чыккандардын көйгөйү "олуттуу" эмес деп, маселени өз алдынча чечип алууну сунуштады.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. "Эл аралык "Манас" аэропортунун кызматкерлеринин митингги аяктады. Митингге чыккандарга аэропорттун башкармалыгы канча айлык аларын аныктай турчу өз алдынча эксперттик топ түзүү сунушталды. 

© Фото / Диля Родионова"Манас" аэропортунун кызматкерлери өз жетекчилигине каршы митингге чыкты
1/3
"Манас" аэропортунун кызматкерлери өз жетекчилигине каршы митингге чыкты
© Фото / Диля Родионова"Манас" аэропортунун кызматкерлери өз жетекчилигине каршы митингге чыкты
2/3
"Манас" аэропортунун кызматкерлери өз жетекчилигине каршы митингге чыкты
© Фото / Диля Родионова"Манас" аэропортунун кызматкерлери өз жетекчилигине каршы митингге чыкты
3/3
"Манас" аэропортунун кызматкерлери өз жетекчилигине каршы митингге чыкты
1/3
"Манас" аэропортунун кызматкерлери өз жетекчилигине каршы митингге чыкты
2/3
"Манас" аэропортунун кызматкерлери өз жетекчилигине каршы митингге чыкты
3/3
"Манас" аэропортунун кызматкерлери өз жетекчилигине каршы митингге чыкты

"Эл аралык "Манас" аэропортунун башкармалыгынын төрагасынын жардамчысы Адылбек Садыковдун маянасы жөнүндө маалымат сайтка чыгып, ал жакта көрсөтүлгөн көлөмгө нааразы болгон аэропорттун кызматкерлери митингге чыгышкан. Документке ылайык, анын маянасы 160 миң сом экени айтылат. Митингдин катышуучуларынын айтымында, аэропорттун башкармалыгынын төрагасы Албек Ибраилов социалдык тармакка чыгып кеткен документ жалган экенин, чынында орун басарынын айлыгы алда канча аз экенин билдирген.

"Ал бизге бухгалтериядагы документтерди көргөзөм деп сөз берди, бирок ал жакта эч нерсе жок да, барын тууралап коюшту", — дейт митингдин катышуучулары.

"Манас" аэропортунун техникалык кызматкерлеринин орточо маянасы 12 миңден 15 миң сомго чейин. Расмий түрдө жетекчилик 25 миңден 34 миң сомго чейин айлык алат. 

Митингге чыккандар аэропортту өнүктүрүү үчүн түркиянын "Челеби" компаниясы келет экен деген маалыматты да угуп чогулушкан.

"Алар дайыма эле аэропорттун аймагында жүрүшөт. Бирок, жетекчилик түрк компаниясы менен эч кандай келишимге кол коюлбай тургандыгын айтууда", — дейт митингге чыккандар.

Алар жолугушуунун жыйынтыгына канааттанбаганын айтышып, эгер мүмкүнчүлүктөрү болсо, акционерлердин кеңешине актуалдуу маселелерди кое тургандыктарын кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0