КР TIFAнын кезектеги отурумун 2015-жылы өткөрүү ниетинде

© Sputnik / Табылды КадырбековТышкы иштер министирлиги. Архив
Тышкы иштер министирлиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан Инвестиция жана соода боюнча макулдашууга даяр экендигин билдирди.

БИШКЕК, 12-апр — Sputnik. Кыргызстан TIFA (Инвестиция жана соода боюнча рамкалык макулдашуу)кеңешинин кезектеги отурумун 2015-жылы өткөрүүнү пландап жаткандыгын ТИМ маалымат кызматы билдирди.

Вашингтондо жыл сайын өтүүчү КР менен АКШ тафраптын консультациялык отуруму болуп жатат. 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жана АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Ниша Бисвал нота алмашты. Анын алкагында 28-апрелден тарта эки мамлекеттин жарандарына туристтик жана ишкердүүлүк боюнча көп жолку виза берүү башталат.

Отурумдун алкагында кыргыз тарап 2015-жылы АКШнын жана Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн ортосундагы TIFA кеңешинин жыйынын өткөрүүгө даяр экендигин билдирди. 

Андан сырткары АКШнын бир катар чиновниктери менен болгон жолугушууда демократиянын жана адам укуктарынын жакшырышы, күч колдонгон экстремизм менен күрөш талкууланды.

Соңунда Кыргызстандын делеагциясы Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр Борборунда Борбор Азия маселелери боюнча эксперттер жана аналитиктер менен жолугушуу өткөрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0