Бензин ташыган автоунаа жол кырсыгына кабылып, 2 киши күйүп кетти

© Фото / пресс-служба МЧС КРБензин ташыган автоунаа жол кырсыгына кабылып, 2 киши күйүп кетти
Бензин ташыган автоунаа жол кырсыгына кабылып, 2 киши күйүп кетти - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облусунун Алай районундагы Ош — Гүлчө автоунаа жолунда "Хово" үлгүсүндөгү 40 тонналык бензин ташуучу автоунаа жол кырсыгына кабылып күйүп кеткен.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Алай районундагы Ош — Гүлчө унаа жолунун 70-чакырымында "Хово" үлгүсүндөгү 40 тонналык бензин ташуучу автоунаа күйүп жаткандыгы боюнча маалымат 14-апрелде түнкү саат 02:51де келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.

Жекшембиде ала салып, күйүп кеткен "Москвичтен" үч жашар баланын сөөгү табылды
Бензин жерге төгүлүп, кырсыктын кесепетинен автоунаанын ичинде күйүп калган эки адамдын денеси табылган. Адамдардын аты-жөнү такталууда.

Кырсык болгон жерге ӨКМнын өрт-куткаруу бөлүгүнөн эки бөлүм саат 03:16 жетип барышкан. Саат 05:02де өрт чектелип, саат 07:02де толук өчүрүлгөн

Жаңылыктар түрмөгү
0