Улуттук банк бардык төлөө системаларын лицензия алууга милдеттендирди

Жазылуу
КРдин аймагында 1 миң 500 сом төлөө терминалына ээлик кылуучу он компания иштейт. Алардын бардыгы тең өз ишмердигине лицензия алышы керек.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. "Акча төлөө системаларынын операторлору" жана "төлөм жүргүзүү уюму" катары кызмат көрсөтүүчү бардык юридикалык тараптар өз ишмердигине лицензия алууга тийиштүү документтерди тапшыруулары зарыл деп билдирет Кыргызстандын Улуттук банкынын маалымат кызматы.

Өлкөнүн аймагында 1 миң 500 акча төлөө терминалына ээлик кылуучу он компания иштейт. Алардын 1 миң 400ү Бишкек менен Чүй областында орнотулган. Ал эми уюлдук телефондорго терминалсыз акча салуу кызматын көрсөтүүчү компаниялар эсепке алынбай келет.

Өлкөнүн башкы каржы институту лицензия өкмөттүн токтомуна ылайык жаңыланышы керектигин белгилейт. Электрондук төлөө системалары аркылуу товарлар менен кызматтар үчүн үчүнчү тараптын кызыкчылыгына төлөмдөрдү кабыл алуу жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү кызматтарын көрсөтө турган уюмдар эсепке алынышы керек болот. Дилерлердин жардамы менен төлөмдөрдү кабыл алуу жана иштетүү кызматтарын көрсөтүүчү фирмалар да лицензия алуулары тийиш.

"Бирок бул кызматтарды көрсөтүп жаткан компаниялардын баары тең өз документтерин тапшыра элек. Ушунун себебинен аталган каржы рыногун текшерүү оор болуп жатат", — деп чечмелешти Улуттук банктан.

Уюмдар төлөм жүргүзүү системаларынын оператору жана төлөмдөрдү кабыл алуучу мекеме катары иштөөгө линцензия алуу үчүн документтерин өкмөттүн токтому күчүнө киргенден кийин эки айлык мөөнөттө тапшыруулары зарыл. Ал эми аталган токтом 2015-жылдын февралында күчүнө кирген. Документтерди Улуттук банк 30 календардык күн ичинде карап чыгат. 

Аталган мөөнөт аяктагандан кийин лицензиясыз иштөө КРдин мыйзамдарын бузгандык болуп эсептеле тургандыгын Улуттук банк эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0