Доллар кайтадан көтөрүлө баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота обменного бюро в Кыргызстане
Работа обменного бюро в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы эки жумадан бери төмөндөп жаткан доллар кайтадан көтөрүлүп, бир АКШ доллары эми кайра бир сомго кымбаттады. Евро 10 тыйынга көтөрүлдү. Бирок, Улуттук банк чет элдик валютанын төмөндөп жатышын билдирүүдө.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Акыркы жумаларда доллардын наркы арзандап жаткан, бирок шейшемби күнү анын курсу кайра көтөрүлдү. Коммерциялык банктар долларды дүйшөмбү күнү 60,2 сомдон саткан болсо, бүгүн ал 50 тыйынга кымбаттап, 61,3 сомдон сатылууда.

Доллар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперттер: доллардын курсу 55 сомго чейин төмөндөшү мүмкүн
Акча алмаштыруу жайлары АКШ долларынын баасын 1,2 сомго чейин кымбаттатышты. Азыр акча алмаштыруу жайларына долларды сатуу пайдалуурак: бир катар акча алмаштыруу жайлары долларды 60,8 сомдон сатып алып, аны 61,3 сомдон сатууда.

Ал ортодо Улуттук банк америка доллары менен евронун курсу төмөндөп жатканын билдирүүдө. Ага ылайык, доллар 62,92 сомдон 61,33 сомго чейин арзандаса,  евро 2 сомго арзандап, 68,09 сомдон 65,95 сомго чейин түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0