Кыргызстандыктар Россиянын тышкы иштер министри Лавровго суроо бере алышат

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүМинистр иностранных дел Российской Федерации Сергей Лавров. Архивное фото
Министр иностранных дел Российской Федерации Сергей Лавров. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын тышкы иштер министри эл аралык мамилелер жана тышкы саясаттын актуалдуу маселелери боюнча радио угармандардын суроолоруна жооп берет.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Sputnik сайтынын окурмандары Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго Facebook же Twitter социалдык тармактары аркылуу #AskLavrov хэштегин жазып, өз суроолорун узатса болот.

Интервью Бишкек убактысы боюнча саат 15-00дөн 17-00гө чейин "Спутник", "Эхо Москвы" жана "Говорит Москва" радиосунун түз эфиринде өтөт.

Түз эфирден "Россия Сегодня", "Говорит Москва" жана "Эхо Москвы" радиосунун башкы редакторлору Маргарита Симоньян, Сергей Доренко, Алексей Венедиктов менен болгон маеги учурунда Россиянын тышкы иштер министри эл аралык мамилелер жана тышкы саясаттын актуалдуу маселелери боюнча радио угармандардын суроолоруна жооп берет.

Сергей Лавровго бере турган суроолоруңузду news@sputnik.kg электрондук адресине же Sputnik Кыргызстан сайтынын Facebook жана Twitter социалдык тармагынан #AskLavrov хэштегин жазуу аркылуу берсеңиз болот.

Лавровдун интервьюсун Sputnik Кыргызстан сайтынан жана Sputnik радиосунан уга аласыздар. 

Жаңылыктар түрмөгү
0