Улуттар аралык жаңжалга көз жумдум кылган акимдер кызматтан алынат

Жазылуу
Жаңы мыйзам боюнча жергиликтүү администрацияларга кошумча милдет жүктөлмөкчү. Алар өздөрүнө тиешелүү аймактарда улуттар аралык жаңжалга жол бербей, анын алдын алышы керек.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Улуттар аралык жаңжалдарга көз жумган жана алардын алдын алууга чара көрбөгөн акимдер кызматтан алынат. Тийиштүү мыйзамга өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койгонун президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жаңы мыйзам боюнча жергиликтүү администрацияларга кошумча милдет жүктөлмөкчү. Алар өздөрүнө тиешелүү аймактарда улуттардын ортосундагы жаңжалга жол бербей, анын алдын алышы керек. Жаңжалдын алдын алуу аракеттерин көрбөгөн жана тийиштүү иштерди жасабаган акимдер кызматтан алынат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0