Өлкөдөгү инвестициялык абал Бишкекте талкууланат

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүАрхив: московская биржа
Архив: московская биржа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын инвестициялык мыйзам жоболорун талдоо боюнча иштин алкагында инвестициялык мыйзам жоболорунун маселелерин мамлекеттик органдардын, адистердин жана ишкер чөйрөсүнүн, ошондой эле кеңири коомчулуктун катышуусунда талдоо боюнча тегерек столдорду өткөрүү каралган.

БИШКЕК, 11-май — Sputnik. Өлкөнүн инвестициялык абалы Бишкек шаарында 13-майда талкуулана турганын Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

Алтын. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперттер: алтынды элге сатуу – инвестицияны өнүктүрө турган мыкты ыкма
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын инвестициялык мыйзам жоболорун эл аралык ченемдерге жана стандарттарга ылайык өркүндөтүү максатында аны талдап чыгуу боюнча иштин алкагында өтмөкчү.

Мекеме аралык жумушчу топ Кыргызстандын инвестициялык кодексин иштеп чыгуу боюнча маселени кароонун натыйжасында Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын чечими менен түзүлгөн. Анын курамына экономика, каржы, адилет министрликтеринин, салык жана бажы кызматтарынын, Мамкаржыкөзөмөлдүн жана КР Каржы министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттиктин өкүлдөрү кирген.

Кыргыз Республикасынын инвестициялык мыйзам жоболорун талдоо боюнча иштин алкагында инвестициялык мыйзам жоболорунун маселелерин мамлекеттик органдардын, адистердин жана ишкер чөйрөсүнүн, ошондой эле кеңири коомчулуктун катышуусунда талдоо боюнча тегерек столдорду өткөрүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0