Жол кырсыгынан каза болгон тажикстандыктардын сөөгү мекенине жеткириле элек

© пресс-служба МЧСЖол кырсык болгон жай
Жол кырсык болгон жай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктөрдү жеткирүү үчүн Тажикстандын өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети менен байланышты.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Жол кырсыгынан каза болгон тажикстандык жарандардын сөөгү азырынча мекенине жеткириле электигин Sputnik сайтынын кабарчысына ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Бишкек – Ош жолундагы жол кырсыктан КР жараны жана Тажикстандын төрт жараны каза болду
Дүйшөмбү күнү саат 13:35 чамасында Бишкек – Ош унаа жолунун 471-чакырымында (Кудук-Сай участкасы) жол кырсыгы катталып, "Ауди-100" (мам. № S50 75 О) үлгүсүндөгү автоунаа менен "Ауди С4" (мам. № Б 18 75 J) автоунаа кагышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен 5 адам каза болуп, 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, каза болгон жарандардын сөөгүн жеткирүү боюнча иштер жүрүп жатат.

"Кечээ күнү эле КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктөрдү жеткирүү үчүн Тажикстандын өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитети менен байланышкан", — деп билдирди маалымат кызматы.

Кыргыз тарап сөөктөрдү жеткирүү үчүн тажик тарапка жардам бере турганын министрликтен кошумчалашты.


Жаңылыктар түрмөгү
0