Түркиядагы кыргызстандык студенттер шайырлар, тапкычтар оюнунда биринчи болушту

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТүрк желеги. Архив
Түрк желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КМШ мамлекеттеринин студенттери арасында КВН боюнча "Босфор кубогу" КРдин Стамбул шаарындагы башкы консулдугу жана "Кыргызстан достук жана маданият" коому тарабынан уюштурулду.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Түркияда окуп жаткан КМШ мамлекеттеринин студенттери арасында алгачкы жолу "Босфор кубогу " уюштурулуп. Ага Кыргызстандын "Kg Club" командасы, Казакстандын "Столичные" жана Россиянын "Понаехали" командалары катышканын КР Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Патриотизм, чет жактагы окуу жана Кыргызстандагы жашоо — мунун баары бир видеодо
"Босфор кубогун " КРдин Стамбул шаарындагы башкы консулдугу жана "Кыргызстан достук жана маданият" коому жана Россиянын агартуу,маданият жана иш кызматташтыгы коому уюштурду.

Оюндун жыйынтыгы боюнча "Kg Club" командасы 13,7 упай менен биринчи орунду ээлесе, "Понаехали" – 13,2 упай менен экинчи орунду жана 13 упай менен Казакстандын "Столичные" командасы үчүнчү орунду алды.

Оюндун калыстары үч команданын жогорку деңгээлдеги даярдыгын баса белгилеп, жеңүүчүнү аныктоо бир топ кыйын болгонун айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0