Бишкекте ирактыкты Афганистандын жарандары тоноп кетти

Жазылуу
Укук коргоо органдарына Ирактын 40 жашар жараны арыз менен кайрылып, Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде эки адам аны тоноп, 250 доллары менен 7 миң сомун алып кеткенин билдирген.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкектин Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери Афганистандын эки жаранын кишиге кол салып, карактагандыгы үчүн кармаган. Бул туурасында шаардык Башкы ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. 

ИИМ кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: энеси кыздарынын өгөй атасы тарабынан зордукталышы боюнча арызын кайта алды
Аталган ведомстводон укук коргоо органына 40 жаштагы Ирактын жараны арыз менен кайрылып, Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде эки адам аны тоноп, 250 доллары менен 7 миң сомун алып кеткенин билдирген.

Райондун ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнөн Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси менен кылмыш иши козголгондугун маалымдашты. 

Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн карактоо боюнча 23 жана 22 жашар Афганистандын жарандары кармалганын, учурда иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0