Атамбаев Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча келишимди ратификациялады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев келишимге кол коюп аткан кези
Президент Алмазбек Атамбаев келишимге кол коюп аткан кези - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршемби күнү, 20-майда Жогорку Кеңеш өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишимди ратификациялоону жактырган болчу.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишимди ратификациялады.

Шаршемби күнү, 20-майда Жогорку Кеңеш өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишимди ратификациялоону жактырган болчу.
Биримдикке кирүү боюнча документтер топтомун өкмөт Жогорку Кеңешке 18-майда алып келген. Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча келишимге Атамбаев 8-майда Москва шаарында кол койгон

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезиденттин колу коюлган Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишим
1/2
Президенттин колу коюлган Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишим
2/2
Ратификация аземинде
1/2
Президенттин колу коюлган Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча келишим
2/2
Ратификация аземинде

Россия, Казакстан жана Белоруссия 2014-жылдын май айында Астана шаарында ЕАЭБди түзүү жөнүндө келишимге кол койгон. Ал 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. Армения да жыл башында аталган уюмга мүчө болгон эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0