Сариев аткаминерлерди мигранттар менен жолуккула деп буйурду

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевСариев аткаминерлерди мигранттар менен жолуккула деп буйурду
Сариев аткаминерлерди мигранттар менен жолуккула деп буйурду - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр ЕАЭБ жөнүндө калкка маалымат берүү иштерин тез аранын ичинде баштоону сунуштады.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. КРдин премьер-министри Темир Сариев өкмөттүн жыйынында профилдик министрликтердин жетекчилерине чет жакта иштеп жүргөн мекендештерге барып жолугуп келүүнү тапшырды.

Ал бейшемби күнү президент Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдигине кошулушу боюнча келишимди ратификациялаганын эскертти.

"Мигранттарга маалымат жана кеп-кеңештерди бергиле. Аларга "кара тизмеден" кантип чыга турганын, аларга кандай жардам бере аларыбызды айткыла. Радиого, телеберүүгө чыккыла, консулдуктар жана мекендештердин ассоциациялары аркылуу мигранттар менен жолуккула. Бишкекте эле отура бербей, мигранттар менен жолуккула. Өзгөчө Россиядагы мигранттарга баргыла", — деди Сариев.

Ал ошондой эле, профилдик министрликтердин жетекчилери элге ЕАЭБ боюнча маалымат берүү иштерин башташы керектигин айтып, бул иштер боюнча министрлердин жардамчылары эмес, өздөрү жооп бере турганын баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0