Окуучулар бараткан автоунаа Бишкектен ала салып кетти

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТез жардам кызматкерлери. Архив
Тез жардам кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгынын кесепетинен Toyota машинасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөр – сегизинчи класстын окуучулары түрдүү жаракаттар менен Балдардын клиникалык ооруканасына жеткирилди.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Окуучулар бараткан автоунаа Бишкектен ала салып кеткенин Бишкек ИИББдин Жол кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-майда окуучу уруксаты жок Toyota Ipsum машинасын алып, достору менен сейилдөөнү чечкен.

Эгинбаева: АКШ элчилиги атташе катышкан жол кырсыгын тымызын бүтүрүүгө аракеттенүүдө
Болжол менен саат 03.30дар чамасында ал Аалы Токомбаев көчөсү аркылуу түштүк тарапты көздөй баратып, №40 үйдүн маңдайынан бурулганда айдоочу рулду башкара албай, машина ала салып кеткен.

Жол кырсыгынын кесепетинен Toyota машинасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөр – сегизинчи класстын окуучулары түрдүү жаракаттар менен №3 Балдардын клиникалык ооруканасына жеткирилди.

Машина айып төлөөчү жайга токтотулуп, иш Бишкек ИИББдин тергөө башкармалыгына берилди. Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0