Эс алууда жүргөн милиция кызматкерлери бычакташа кетти

Жазылуу
Өз ара пикир келишпестиктен улам, милиция кызматкери кесиптешин бычактап салган.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Эс алууда жүргөн эки милиция кызматкери чатакташып, бирөөсү бычак жеген. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББдин маалымат кызматы Sputnik сайтына билдирди.

Аталган окуя өткөн ишемби күнү, 23-майда тоодо эс алып жүргөн учурда болгон.

Бишкек шаардык ИИББден маалымдашкандай, аталган окуяны ИИМдин жеке коопсуздук башкармалыгы териштирүүдө.

Жаракат алган милиция кызматкери №4 шаардык ооруканада экени кабарланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0