ИИМ: "Хизб ут-Тахрир" уюмунун лидери кармалды

© Фото / пресс-служба ГКНБ"Хизб ут-Тахрир" адабият маалыматтары. Архив
Хизб ут-Тахрир адабият маалыматтары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектелген жаран буга чейин бир нече ирет экстремисттик иш-аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган деп билдирди мекеменин маалымат кызматы.

БИШКЕК, 8 июнь — Sputnik. "Хизб ут-Тахрир" уюмунун лидери кармалганын Чүй облусунун ШИИБ маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 6-июнунда Чүй облусунун ШИИБ 10-башкармалынын кызматкерлери тарабынан УКМК менен биргеликте Военно-Антоновка айлынын 40 жаштагы тургуну кармалган. Тинтүү учурунда жарандын үйүнөн "Хизб ут-Тахрир” экстермисттик уюмдун идеялары камтылган 16 китеп, ноутбук, 11 баракча, ошондой эле аудио жана DVD видео дисктери табылган. 

"Буга чейин кармалган адам экстремисттик иш-аракеттери үчүн бир нече ирет кылмыш жоопкерчилигине тартылгандыгы аныкталды", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0