Атамбаев менчик диагностикалык борбордо профилактикалык кароодон өттү

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул пландуу эле процедура экенин президенттин маалымат катчысы билдирди.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Токтогул көчөсүндө жайгашкан менчик диагностикалык борбордо профилактикалык кароодон өткөнүн анын маалымат катчысы Жанар Акаев Sputnik сайтына билдирди.

Бүгүн УКМКнын тиешелүү күзөт кызматтары Токтогул көчөсүн жаап, мамлекет башчысын менчик диагностикалык борборго алып келишкенин күбөлөр билдиришкен болчу.

Аталган окуя боюнча президенттин маалымат катчысы Жанар Акаев бул кезектеги эле медициналык кароо экендигин билдирди. 

"Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн ал жакта жайгашкан диагностикалык борборго профилактикалык кароодон өтүү үчүн барды. Бул пландуу эле процедура", — деди ал.

Бишкек ИИББдин Жол кайгуул кызматы Токтогул көчөсү мындан бир нече убакыт мурда жабылганын тастыктап, учурда ачык экенин билдирди. Себебин так айтышкан жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0