ӨКМ дем алыш күндөрү кар жаашын божомолдойт

© Sputnik / Табылды КадырбековАлатоо аянтында кол чатырча кармаган кыз. Архив
Алатоо аянтында кол чатырча кармаган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жекшемби күнү катуу жаан жаап, бороондуу шамал болушу мүмкүндүгүн эскертет. Бул өз кезегинде республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүшүн шарттайт.

БИШКЕК, 12-июнь — Sputnik. Республика аймагында жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлүп жатканын ӨКМдин маалымат кызматы Кыргызгидрометке таянуу менен билдирет.

Маалымат боюнча, Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен нөшөрлөгөн жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн.

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 19-24 метрге чейин жетет.

"Чүй, Талас облустарында күндүз абанын температурасы +18…+23 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27, ал эми тоолуу райондордо +3…+8 градуска чейин төмөндөйт", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары нөшөрлөгөн жаандан улам тоолуу аймактарда сел жүрүү коркунучу бар экенин министрлик кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0