Японияда дагы бир өлүм жазасы аткарылды

© flickr.com / Osaka_Castle_16Япониянын желеги. Архив
Япониянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синдзо Абэ башында турган өкмөт 2012-жылдын декабрында бийликке келгенден бери ушуну менен жетинчи өлүм жазасы аткарылды. Азыр мындай жазаны Японияда 125 адам күтүп жатат.

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Япония бийлиги бейшембиде камактагылардын бирине карата өлүм жазасын ишке ашырды деп билдирет РИА Новости Киодо агенттигине таянуу менен.

Агенттик кылмышкер ким экендиги жана анын иши боюнча маалыматтарды келтирген эмес. 

Педофилдерди өлүм жазасына тартуу өтүнүч каты Жогорку Кеңешке берилет
Синдзо Абэ башында турган өкмөт 2012-жылдын декабрында бийликке келгенден бери ушуну менен жетинчи өлүм жазасы аткарылды. Ошентип, бардыгы болуп 12 адам өлүм жазасына тартылды. 

Мурунку өлүм жазасы өткөн жылдын августунда ишке ашырылган. Азыр мындай жазаны Японияда 125 адам күтүп жатат.

Эреже катары, өлүм жазалары сот чечими чыгар замат эмес, бир нече жылдан кийин ишке ашырылат. Кесилген адам жазанын аткарылышын жылдап күтүшү мүмкүн, бирок ал ишке ашырылары туурасында өлөр күнү эртең менен гана билет. Японияда өлүм жазасы дарга асуу жолу менен аткарылат. 

Эл аралык укук коргоо органдары Япониянын жазанын бул түрүн адамкерчиликсиз катары алып салууну суранып келет. Бирок коомдук сурамжылоолордун натыйжасына караганда, өлкө калкынын 85%ы өлүм жазасын колдойт.

Жаңылыктар түрмөгү
0