Бишкектин Токтогул-Исанов көчөлөрү курчоого алынды, ИИМ кылмышкерди издеп жатат

Жазылуу
Милициянын маалыматында, шаардык милиция кылмышкери кармоо үчүн “Сирена” операциясын жарыя кылды.

БИШКЕК, 25-июнь — Sputnik. Бишкектин Токтогул-Исанов көчөлөрү курчоого алып, ИИМ кылмышкерди издеп жатат деп билдирди министрликтин маалымат кызматынан Sputnik маалымат агенттигине.

Милициянын айтымында, шаардык милиция кылмышкери кармоо максатында “Сирена” деп аталган операцияны жарыя кылды.

“Азырынча канча кылмышкер жашырынып калганы белгисиз. Аларды кармоо боюнча иштер жүрүп жатат”, — дешти ИИМден.

Аталган органдан кененирээк маалымат эртең берилерин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0