Футбол: Казакстандын президентинин кубогунда кыргызстандыктар акыркы болду

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүФутболчу. Архив
Футболчу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футбол федерациясы билдиргендей, кыргызстандык футболчулар жума күнү белоруссиялыктар менен беттешип, 1:3 эсебинде утулушту.

БИШКЕК, 26-июнь — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын жаштар командасы (U-16) Казакстандын президентинин кубогунда Белоруссиянын командасына утулуп, акыркы орунду ээледи.

Казакстандын президентинин кубогу ушуну менен сегизинчи жолу өткөрүлүп жатат. Мелдешке Казакстандын, Испаниянын, Россиянын, Азербайжандын, Белоруссиянын, Грузиянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын командалары катышты.

Футбол боюнча жаштардын курама командасы Тажикстандан утулуп калды
КРдин курама командасы буга чейинки үч оюнда Казакстанга, Тажикстанга жана Испанияга утулуп калган.

Футбол федерациясы билдиргендей, кыргызстандык футболчулар жума күнү белоруссиялыктар менен беттешип, 1:3 эсебинде утулушту. Биринчи таймдын 13-мүнөтүндө белоррусиялык оюнчу Калинейка гол киргизген. Жыйырма төртүнчү мүнөттө Казаков экинчи голду киргизип, командасын алдыга алып чыкты. 

Ал эми оюндун жыйырма алтынчы мүнөтүндө кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов гол киргизди. Бардык аракеттерге карабай, экинчи таймда кыргызстандыктар өз дарбасына дагы бир гол киргизип, оюн 1:3 эсебинде Белоруссиялыктардын пайдасына чечилди.

Кубоктун финалдык беттешине Испания менен Азербайжандын командалары чыгат. Оюн бүгүн Астана шаарындагы "Астана Арена" стадионунда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0