Куткаруучулар Комсомол көлмөсүнө чөгүп бараткан 3 адамды куткарышты

© Sputnik / Валерий Шустов / Медиабанкка өтүүДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарынын Свердлов районунда орун алган Комсомол көлмөсүндө куткаруучулар күзөт жүргүзүүдө.

БИШКЕК, 1-июль — Sputnik. Куткаруучулар Комсомол көлмөсүнө чөгүп бараткан 3 адамды куткарып калышканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Өрт өчүрүүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери өрттөн 104 кыргызстандык куткарылды
Маалыматка ылайык, үч окуя тең бир күндө болгон. Куткаруучулар түшкү саат 3.30да, 5.20да жана 5.45те сууга чөгүп бараткан жарандарды куткарып, алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн.

Бишкек шаарынын Свердлов районунда орун алган Комсомол көлмөсүндө куткаруучулар күзөт жүргүзүүдө.

ӨКМ сууга түшүүдө эрежелерди сактоо керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0