Sputnik армян тилинде чыга баштады

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүСпутниктин логотиби. Архив
Спутниктин логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мультимедиалык Sputnik маалымат сайты Арменияда маалымат порталын ишке киргизди. Жаңы портал армян жана орус тилдеринде иштейт.

БИШКЕК, 2-июль — Sputnik. Мультимедиалык Sputnik маалымат сайты Арменияда маалымат порталын ишке киргизди. Жаңы портал армян жана орус тилдеринде иштейт. Маалыматтарды sputnik.co.am жана sputnikarmenia.ru даректери аркылуу таап, маанилүү жана орчундуу маалыматтарды окусаңыздар болот. Ошондой эле FM диапазону аркылуу "Sputnik Армения" радиосун уга аласыздар.

Sputnik Абхазия Республикасында сайтын жана радиоуктуруусун ишке киргизди
Армян жана орус тилдеринде маалымат бере турган жаңы портал Sputnik маалымат ресурсунун катарын толуктайт. Мультимедиалык Sputnik маалымат агенттиги англис, француз, серб, португал, араб, хинди, поляк, немис, испан, кытай, түрк, кыргыз, абхаз, чех, вьетнам, япон, корей, фарси, урду, дари, пушти, күрд, швед, норвегия, дания, фин, белорус, молдова, грузин, азер, осетин тилдеринде маалыматтарды таратат.

Sputnik — ондогон өлкөлөрдөгү мультимедиалык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттары, аналогдук жана санариптик радио берүүлөрдү, уюлдук тиркемелерди жана социалдык түйүндөрдөгү беттерди камтыйт. Жазылуучулар үчүн Sputnik жаңылыктык тасмалары күнү-түнү англис, араб, испан жана кытай тилдеринде чыгып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0