Кыргызстанда жүрүү эрежесин бузган өзбекстандык жети жаран кармалды

Жазылуу
Кармалган жарандардын документтерин текшере келгенде алардын мөөнөтү өтүп кеткени аныкталган.

БИШКЕК, 4-июль — Sputnik. Өзбекстандын жети жараны Кыргызстанда жүрүү эрежесин бузганы үчүн кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын жарандары Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Арал айылында кармалган.

Алардын документтерин текшере келгенде Кыргызстанда жүрүү мөөнөтү өтүп кеткени аныкталган.

"Кармалгандардын айтымында, алар жергиликтүү тургундун үйүн салып иштешкен. Ошол эле учурда алардын жанында иштөө үчүн берилген документтери да болгон эмес", — деп айтылат билдирүүдө.

Тийиштүү документтер толтурулган соң алар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0