Атамбаев Назарбаевди 75 жылдык мааракеси менен куттуктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАтамбаев Назарбаевди 75 жылдык мааракеси менен куттуктады
Атамбаев Назарбаевди 75 жылдык мааракеси менен куттуктады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-казакстандык эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

БИШКЕК, 6-июль — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Казакстандын өлкө башчысы Нурсултан Назарбаев менен жолугушту. 

Өлкө башчысы жекшемби күнү Астанага иш сапары менен учуп келди.

Казак кызы Астанада Атамбаевди гүл менен тосуп алды
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки мамлекеттин башчылары кыргыз-казакстандык эки тараптуу соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы кызматташууну тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Алмазбек Атамбаев Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевди 75 жылдык мааракеси жана Астана шаарынын күнү менен куттуктады. 

Жолугушуунун соңунда Атамбаев Назарбаевге Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы шериктештик мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достукту жана ынак коңшулукту бекемдөөгө кошкон зор салымы үчүн I даражадагы «Манас» орденин тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0