Эркиндик бульварында болгон жол кырсыгынан үч жол тандабас жабыркады

© Sputnik / Таалай ОроскуловЖол кырсыгына катышкан "Toyota Land Cruiser" автоунаасы. Архив
Жол кырсыгына катышкан Toyota Land Cruiser автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Toyota Land Cruiser автоунаасы Фрунзе көчөсү менен келе жатып, кызыл жарыкка карабай жолдон өтүп, бульварда кетип бараткан ВMW Х-5 автоунаасын сүзгөн.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Үч жол тандабас катышкан жол кырсыгы шейшемби күнү эртең менен Фрунзе көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде катталды.

Окуяга күбө болгон Мухтар Шайкеевдин айтымында, Toyota Land Cruiser автоунаасы Фрунзе көчөсү менен келе жатып, кызыл жарыкка карабай жолдон өтүп, бульварда кетип бараткан ВMW Х-5 автоунаасын сүзгөн.

"Кагышкандан кийин Х-5 айланып барып, жол жээгинде турган Toyota RAV 4 автоунаасын барып какты. Анын ичинде бир аял бар экен", — деди Шайкеев.

Toyota RAV 4 автоунаасынын айдоочусунун келини билдиргендей, кайын энесин Республикалык оорукананын нейротравма бөлүмүнө алып кетишкен.

"Апам башына сокку алыптыр, дарыгерлер анын мээсине кан уюп калышы мүмкүн деп, томографияга жөнөтүштү", — дейт ал.

Окуя болгон жерге жол кайгуул кызматынын кызматкерлери келип, кырсыктын чоо-жайын аныкташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0