Алмазбек Атамбаевдин бармак издери алынды

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев 7-июлда өзүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү президенттин бармак издерин алуу үчүн Ак үйгө келишти.

Буга чейин бир катар ЖМКлар президент биометрикалык маалыматтарын тапшыра электигин жазып чыгышкан.

Алмазбек Атамбаев биометрикалык маалыматтарын тапшырды
Мамлекет башчысы Кыргызстандын жарандарын эсепке алууга жана каттоого жаңы технологияларды киргизүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ишиндеги ачык-айкындуулукту жогорулатууга, социалдык жеңилдиктерди жана кепилдиктерди бөлүштүрүүдө системалык коррупцияны жоюуга, ошондой эле калыстык принциптерин, анын ичинде шайлоолорду өткөрүү процессинде fадилеттикти сактоого өбөлгө болууга тийиш деп эсептейт. 

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу 2014-жылдын августунда башталган. 16 жаштан жогору болгон бардык жарандар бармак издерин, санарип сүрөтүн жана электрондук кол тамгасын тапшырууга милдеттүү. Маалыматтарды чогултуу 2015-жылдын 1-августунда аяктайт. Жалпысынан Кыргызстан боюнча 3 миллион 641 киши жеке маалыматтарын тапшыруусу керек деп болжонууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0