Батыралиев ШКУ алкагында медициналык туризмди өнүктүрүүнү сунуштады

© Фотохост ШОС / Медиабанкка өтүүМосква шаарында ШКУ мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин экинчи жыйыны болуп өттү. Архив
Москва шаарында ШКУ мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин экинчи жыйыны болуп өттү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ШКУ мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусунда Россиядагы эмгек мигранттарын медициналык кароодон өткөрүп, анын жыйынтыктарын өз ара таануу маселесине өзгөчө көңүл коюлду.

БИШКЕК, 8-июль — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев ШКУ алкагында медициналык туризмди өнүктүрүүнү сунуштаганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирет.

Шейшемби күнү Москва шаарында ШКУ мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин экинчи жыйыны болуп өттү. 

Жолугушууда ШКУ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо системаларын реформалоо жана кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланды.

"Жыйында жасалма медициналык өндүрүмгө каршы күрөшкө, саламаттык сактоо системасынын  соцалдык өнүгүүгө кошкон салымына жана медициналык жардам кепилдигин камсыздоо үчүн дары-дармектин тизмесин түзүү тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурулду", — деп айтылат билдирүүдө.

Министр Батыралиевдин медицина технологияларын, телемедицинаны өнүктүрүү жана бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү сунушу катышуучулардын колдоосуна ээ болду.

"Медицина туризминдеги инновациялар жана ден соолукту сактоо багытындагы мамлекет менен жеке менчик өнөктөштүгүн өнүктүрүү, ошондой эле улуттук медицина мектептеринин тажрыйба алмашуусу тууралуу пикири кесиптештер арасында чоң кызыгуу жаратты", — деп айтылат маалыматта.

Жыйындын алкагында Батыралиев Россиянын саламаттык сактоо министри Вероника Скворцова менен жолугушуп, ШКУ аймагында кыргызстандык жарандарды медициналык тейлөөдөн өткөрүүнүн сапатын жакшыртуу тууралуу сүйлөштү.

ШКУ мамлекеттеринин саламаттык сактоо министрлеринин жолугушуусунда Россиядагы эмгек мигранттарын медициналык кароодон өткөрүп, анын жыйынтыктарын өз ара таануу маселесине өзгөчө көңүл коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0